“Тилектештик автобусу” долбоорунун негизги милдеттери:
- Кыргыз Республикасынын калкынын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдык кызыкчылыктарын коргоого көмөктөшүү;
- мыйзамдардын түрдүү аспектилери боюнча кеп-кеңеш берүүчү жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
- акысыз юридикалык жардам көрсөтүү жана укуктук кеп-кеңеш берүү маселелери боюнча мамлекеттик органдар, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары, дагы башка мекемелер жана тараптар менен өз ара аракеттенүү.
- Кыргыз Республикасынын калкын укуктук жактан агартууга, укуктук маданиятын жана укуктук аң-сезимин өнүктүрүүгө көмөктөшүү.