Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы

"Шыр байланыш" 114

Юридикалык жардам алуу үчүн акысыз байланыш линиясы, бардык жарандар үчүн жеткиликтүү. 

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Юридикалык жардам борбору 2023-жылдын 17-январында 114 шыр байланышын расмий ишке киргизди.

Ыкчам байланыш жарандардын арыз-билдирүүлөрүнө батыраак жооп берип, юридикалык жардамды өз убагында жана сапаттуу көрсөтүүгө, керек учурда тийиштүү мамлекеттик органдарга же жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына багыттоого мүмкүндүк берет.

Шыр байланыш КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 8-июлундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-октябрындагы №618 "Бирдиктүү шыр байланыш" туруктуу иштөөчү кызматы жөнүндө жобону, Кыргыз Республикасынын экстрендик оперативдик кызматтарынын жана мамлекеттик органдарынын тизмесин бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун базасындагы 112-бирдиктүү мамлекеттик нөөмөттүк-диспетчердик оперативдүү кызматты чакырууну камсыздоо системасын түзүү концепциясын жактыруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу токтомуна ылайык түзүлгөн.

Шыр байланышта жарандардын телефон аркылуу кайрылуулары менен иштеген юрист-консультанттар Юридикалык жардам борборунун ыйгарым укуктуу адамы болуп саналышат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган шартта жарандардын телефондук кайрылууларынынын каралышынын толуктугуна жана тууралыгына жоопкерчиликте болушат.


Иш графиги: 

дүйшөмбү-жума; саат 09:00 - 18:00

Дем алыш күндөрү: ишемби-жекшемби жана майрам күндөрү